Интернет-алдамчылыктын түрлөрү

Интернет-алдамчылыктын түрлөрү
Азыркы кезде социалдык түйүндөр аркылуу алдамчылыктын саны өсүп жаткандыгы байкалууда.
Интернет-алдамчылыктын эң эле жайылган түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
 Банк өкүлдөрүнүн, укук коргоо органдарынын же башка мамлекеттик кызматтын атынан телефон чалуу
 Жол кырсыгына кабылган жакын адам жардамга муктаж болуп, шашылыш түрдө акча талап кылынып жаткандыгы тууралуу белгисиз жактардын телефон чалуулары


 Жалган лотереялык утуш менен же, болбогон сынакка добуш топтоо менен азгыруу
 Уурдалган картадагы маалыматты колдонуу менен уруксатсыз операцияларды жүргүзүү

Эгер сиз шылуундарга туш болсоңуз, тез убакытта коммерциялык банк менен байланышып, картаңызды же эсебиңизди бөгөттөп салыңыз. Мындан тышкары, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.