Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 1-августунан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 1-августунан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул монета 2024-жылдын 

8-сентябрынан тартып 14-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.  

«Ат чабыш»  кыргыз элинин байыркы жана кеңири жайылтылган спорттук оюндарынын түрү, бул узак аралыкка ат чабуу дегенди билдирет. Спорттун бул түрүнө катышуу үчүн узак аралыкка чарчабай чуркай турган, күлүк аттар тандалат. Ат чабыш ар кандай элдик майрамдарда салттуу түрдө өткөрүлгөн, бул салт бүгүнкү күндө да уланып келет.  

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Монетанын алдыңкы бетинин жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын «Ат чабыш / At Chabysh» деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы (10 сом) түшүрүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү берилген. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, монетанын жогору жана төмөн жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.  

«Ат чабыш» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.